Евразиялык экономикалык форумга 15 мамлекеттен 2,5 миң адам катышат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын протокол жана уюштуруу иштерин камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков билдирди.
Анын айтымында, катышуучулардын арасында – ЕАЭБ, Латын Америка, Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн жана Корея, Венесуэланын бизнес-бирикмелеринин өкүлдөрү бар. Бишкек толугу менен форумга даяр. Учурда расмий иш-чаранын генералдык репетициясы жүрүүдө.