Жарандар паспорт жана маалымкаттарды эми айыл өкмөттөрдөн ала алат

Жарандар паспорт жана маалымкаттарды эми айыл өкмөттөрдөн ала алат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Залкар Карыбеков билдирди.

 

Анын айтымында, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына калкты каттоо жана жарандык абал боюнча актылар тармагындагы ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилди.

 

Бул жарандарга райондук борборлорго барбастан, жеринен эле кызматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет. Карыбеков белгилегендей, мындай кызматтар жакында өлкөнүн алыскы райондорунун тургундарына дагы көрсөтүлүп баштайт.