Сузакта үйлөрү селден жабыркаган 8 үй-бүлө турак жайлуу болду

Сузакта үйлөрү селден жабыркаган 8 үй-бүлө турак жайлуу болду.

Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Эске салсак, 8 үй-бүлөнүн үйү өткөн жылы селден жабыркап, жашоого таптакыр жараксыз болуп калган.

Анын айынан Кара-Дарыя айыл аймагынын бир катар тургуну бир жылдан бери вагондо жашап келген.

Жаңы үйлөрдүн курулушуна жалпысынан 12 миллион сом жумшалды.