“Асман” шаарынын курулушу 30-июнда башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жарыялады.
Анын айтымында, экологиялык шаардын долбоору даяр болду, 30-июнда курулушка капсула салынат.
Ал толугу менен чет элдик инвесторлордун каражатына тургузулат, — деди Жапаров. Эске салсак, жалпы аянты 4 миң гектарды түзгөн шаар Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылынын үстүндө пайда болот. Анда 700 миндей киши жашайт деп пландалууда.