Бишкектин Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси алмашты

Айнура Арстанбекова Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мэрия билдирди.

 

Буга чейин ал Ленин райондук акиминин орун басары болуп иштеген. Башкармалыкты жетектеп келген Назгүл Лосникованын эмне себептен жумуштан алынганы айтылган жок.
Мындан тышкары, Ленин райондук билим берүү борборун Таалайгүл Темирканова жетектемей болду.
Тийиштүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.