Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда таза суу болбойт

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда таза суу болбойт.

Мэриянын басма сөз кызматынан такташкандай, кечки саат 8ге чейин Сарбан, Жал, Жогорку Орок, Кашкабаш айылдары, ЖЭБ-2 жаңы конушу, жаңы Селекция району, Достук айылы, Ак-Ордо конушу Ахунбаев көчөсүнүн түштүк тарабы, Сокулук районундагы Ак-Ордо конушу Ахунбаев көчөсүнүн үстүндө, Ак-Ордо конушу Өмүр көчөсүнүн түштүк тарабында суу өчүрүлөт.

Убактылуу чектөөнүн себеби «Баш-Кара-Суу» суу алгычында оңдоо иштерине байланыштуу.