Улуттук банк жыл башынан берки үчүнчү интервенциясын өткөрдү

Улуттук банк жыл башынан берки үчүнчү интервенциясын өткөрдү. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин сайтында маалымдалат. Жалпысынан 13 миллион 50 миң доллар сатылды.

 

Жыл башынан бери Улуттук банк дүйнөлүк валюта рыногуна 169 миллион 650 миң доллар чыгарды. Белгилеп кетсек, интервенция күтүлгөн жыйынтыгын бере элек. Бүгүн эртең менен ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 92 сомдон сатып алып, кайра 93 сомго сатышууда.