Батыш Россияга карата жаңы санкцияларды киргизгенин жарыялады

Батыш Россияга карата жаңы санкцияларды киргизгенин жарыялады. Президент Жо Байден Россиянын активи АКШнын каржылык системасынан толугу менен ажыратылганын билдирди.

 

Ага чейин Канаданын, Улуу Британиянын жана Европа өлкөлөрүнүн лидерлери дагы билдирүү жасап, Россияга жаңы санкциялар салынганын жарыялашкан. Ошондой эле, россиялык учактарга Улуу Британиянын аэропортторунда конууга тыюу салынды.

 

Эске салсак, кечээ, 24-февралда Владимир Путин Россия Украинага карата согуш жарыялап, “атайын аскердик операцияны” баштады.