Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда 27-августка чейин газ жок болот.
“Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, 9 күндөн
бери системада ремонттук жана алдын алуу иштери аткарылууда.
Бул тармакты кышкы сезонго даярдоонун алкагында жүрүүдө.
Андан тышкары, көгүлтүр от берүүдө чектөөлөр Восток жана
Лебединовка айылдарында дагы киргизилген.