1-июндан тарта Бишкек – Абу-Даби – Бишкек авиакаттамын ачуу пландалууда

1-июндан тарта Бишкек – Абу-Даби – Бишкек үзгүлтүксүз авиакаттамын ачуу пландалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, аталган багытка каттамдар жумасына 3 жолу — шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.

 

Эске салсак, буга чейин “Манас” аба майданы дүйнөдөгү үнөмдүү аба жол компанияларынын бири менен келишимге кол койгон. Ага ылайык, орундарды алдын ала брондоп Бишкектен Абу-Дабиге 100 долларга учууга болот.