Кыргызстанда августта дизелдик отундун баасы 71 сомдон ашты

Кыргызстанда августта дизелдик отундун баасы 71 сомдон ашты. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, айдын башынан бери солярка 3 пайызга кымбаттады.

 

Эгер августтун башында отундун бир литринин наркы 70 сом 53 тыйынга барабар болсо, 19-августта баалар 72 сом 87 тыйынга жетти.  Учурда эң кымбат дизель Исфана жана Баткенде  – жергиликтүү тургундар анын литрине 77 сом 63 тыйын төлөөгө аргасыз.