Улуттук банк калктын кайрылууларын ыкчам кароо максатында байланыш каналдарынын тизмесин кеңейтти.
Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн 0501 89 00 00 номеринде WhatsApp-каналы ачылды.
Ал аркылуу финансы-кредит уюмдарынын (коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын жана алмашуу бюролорунун) ишине тиешелүү бардык маселелер (даттануу, өтүнүч же пикир билдирүү) боюнча кайрылууга болот.
Мындан тышкары, Улуттук банктын социалдык тармактарда: Facebook, Instagram (nbkr_kg) жана Telegram каналы ачылган.
Белгилеп кетсек, WhatsApp байланыш каналында жарандын аты-жөнү, кайрылуунун мазмуну, ошондой эле (зарыл учурда) керектөөчүнүн далилдерин тастыктоо үчүн тиркелген документтер көрсөтүлүүгө тийиш.
Ошол эле учурда адепсиз билдирүүлөрдү камтыган, же болбосо, жол берилбеген адабий стилде жазылган кайрылуулар каралбайт.
WhatsApp-каналынын номерине кайрылуулар жумуш күндөрү (дүйшөмбү — жума) саат 08:30дан 18:00гө чейин кабыл алынат.
Дем алыш күндөрү түшкөн билдирүүлөр андан кийинки жумуш күнү каралат.