Бишкектин коомдук транспортунда санитардык чаралар күчөтүлөт

Бишкектин коомдук транспортунда санитардык чаралар күчөтүлөт. Тиешелүү тапшырманы мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов берди.

 

Ага ылайык, Кайгуул милициянын, шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери автобус, троллейбус жана маршруттук таксилерде рейддерди өткөрөт.

 

Алардын жүрүшүндө анстисептиктердин бар-жоктугу, унаанын санитардык абалы жана жүргүнчүлөрдүн беткап тагынуусу текшерилет. Белгилеп кетсек, ордо калаада коронавируска кабылуу учурлары көбөйүп, кайрадан чектөөлөр киргизилип баштады.