Кыргызстан коңшу мамлекеттерден электр энергиясын карызга сурайт. Бул тууралуу 24 агенттигине Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев билдирди. Анын айтымында, Өзбекстан менен Казакстан электр энергиясын 0 ставкасы менен берүүгө макул болду.
Турдубаев белгилегендей, электр энергиясын импорттоо – Токтогул суу сактагычын толтуруунун бир жолу.
Бүгүнкү күндө өлкөнүн башкы резервуарында нымдуулуктун көлөмү 8,7 миллиард кубду түзөт. Бул кооптуу чек болуп эсептелет.