Карантин маалында жол эрежесин бузган ыктыярчы-айдоочулардын айыптары жокко чыгарылды

Карантин маалында жол эрежесин бузган ыктыярчы-айдоочулардын айыптары жокко чыгарылды. Жалпысынан мындай 670 бузуу катталган, — дешти Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан.

 

Белгилеп кетсек, өткөн жылы пандемия учурунда ыктыярчылар элге жардам берип жүргөн учурда жол эрежелерин бузууга туура келгенин айтып, аларды чийип салуу өтүнүчү менен өкмөткө кайрылышкан.