Бишкектин коомдук транспортунун линиялары реформаланат

Бишкектин коомдук транспортунун линиялары реформаланат.

 

Бул тууралуу вице-мэр Таалайбек Орозов билдирди. Анын айтымында, учурда ордо калаада 99 линияда 1 миң 600дөн ашык маршруттук такси каттайт.

 

Алардын жүрүү тармагы толугу менен кайра каралып чыгат. Шаар аймактарга жана кварталдарга бөлүнөт. Борбордук бөлүктө бир гана экотранспорт жүрсө, маршруттук таксилер шаар четине чыгарылат.

 

Белгилеп кетсек, Бишкекти маршруттук таксилерден тазалоо идеясы көп жылдардан бери талкууланып келет. Бирок бир дагы мэр бул максатына жете элек.