Бишкектин Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Бишкектин Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, анын 7-апрель – Достоевский тилкелеринде жол катмары калыбына келтирилет. Көчөнү буга чейин оңдогон аткаруучу компания кемчиликтерди жоюу иштерин аткарат.

 

Жумуштар 14-октябрдан 17сине чейин жүрөт. Айдоочуларга альтернативалык вариант катары Анкара көчөсү сунушталат.