Кайра жаралуучу энергия булактарын курууга керектелген жабдууларды өлкөгө киргизүү кошумча нарк салыктан бошотулду

Кайра жаралуучу энергия булактарын курууга керектелген жабдууларды өлкөгө киргизүү кошумча нарк салыктан бошотулду. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

 

Ага ылайык, атайын товарлардын жана жабдуулардын тизмеси бекитилди. Кошумча нарк салыктан бошотуу чечими инвестицияларды тартуу жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү максатында кабыл алынды.