Бишкектин Токтогул-Шопоков көчөлөр кесилишинде транспорт кыймылы татаалданды

Бишкектин Токтогул-Шопоков көчөлөр кесилишинде транспорт кыймылы татаалданды. Мэриядан билдиришкендей, буга түтүк жарылып, суу ташкындаганы себеп болду.

 

Жеринде “Бишкек жылуулук тармактарынын” кызматкерлери иштеп жатат. Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга аталган тилкеден өтпөстөн, башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.