Бишкектин Тунгуч кичи районунда социалдык турак-жай курулат

Бишкектин Тунгуч кичи районунда социалдык турак-жай курулат. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, аткаруучу компания аныкталды.

 

Батирлерди “Жеткиликтүү ипотека” мамлекеттик программасынын алкагында кезек күтүп жаткандар ала алат. Үй 108-сериядагы 55 батирден турат. Бул турак-жайларды алууга насыя жылдык 8 пайыз менен 25 жылга берилет. Биринчи төлөм батир баасынын 20 пайызын түзөт.