Кыргызстандыктар жаңы жылда 8 күн катары менен эс алат. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында 1-январдан 8-январга чейин эс алуу күндөрү жарыяланды.
Анын ордуна 9-январь, 25-февраль, 11-март жана 25-марттагы дем алыш күндөрү кыргызстандыктар жумушка чыгат.