Токмокто таштанды үчүн тариф кымбаттады

Токмокто таштанды үчүн тариф кымбаттады. Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, мындай чечимди жергиликтүү кеңеш депутаттары кабыл алды.

 

Ага ылайык, физикалык жактар эми 21 сомдун ордуна 35 сомдон төлөйт, ал эми юридикалык жактар үчүн тариф 470 сомго теңелет.

 

Муниципалитеттен белгилешкендей, тарифтерди жогорулатуу күйүүчү майдын жана тетиктердин баасынын кымбатташына байланыштуу.