Бишкектин жаңы конуштарына 2,5 миң техникалык паспорт тапшырылды. “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, жалпысынан тургундардан 7 миң арыз келип түшкөн.
Белгилеп кетсек, паспортто кыймылсыз мүлк жөнүндө бардык техникалык маалымат түшүрүлгөн. Ал тилкени мыйзамдаштырууга толук укук бербесе дагы, бул маанилүү процесстин бир бөлүгү болуп саналат.