Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Кыргызстандын биринчи бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит 57 жаш курагында көз жумганын «Азаттыкка» маркум жетектеп келген мекемеден кабарлашты.

Робин Орд-Смит 2019-жылы Кыргызстанда ишкерлердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча Бизнес-акыйкатчы болуп шайланган.

Ага чейин Алжирде, Румынияда, Малайзияда, Германияда, Жапонияда жана Иракта көптөгөн дипломатиялык кызматтарды аркалаган.

Британиянын Тажикстандагы, андан кийин Кыргызстандагы элчиси болгон.

Бизнес-акыйкатчы инстититуту Робин Орд-Смиттин ишкерлердин укугун коргоодогу чоң салымдарын белгилеп, маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.