Бишкекте күз үчүн аномалдуу жылуу аба-ырайы турукташты

Бишкекте күз үчүн аномалдуу жылуу аба-ырайы турукташты. Синоптиктердин маалыматына ылайык, мындай көрүнүш 28-сентябрга чейин сакталат. Температура климаттык нормадан 5-7 градуска жогору болууда.

 

Жуманын аягына чейин ордо калаада +30 градуска чейин көтөрүлсө, түнкүсүн термометр мамычалары +17 градусту көрсөтөт. Жаан-чачын жана катуу шамал дагы азырынча күтүлбөйт, — дешти Кыргызгидрометтен.