Бишкекте троллейбус линиялары үзүлдү

Бишкек шаарынын Байтик Баатыр жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус линиялары үзүлдү.

Бул тууралуу «Кабар» агенттигине окуянын күбөсү билдирди.

Анын айтымында, орун алган авариялык абалдан улам жолдо тыгындар пайда болду.

Белгиленгендей, учурда жеринде Бишкек шаардык мэриясынын транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын ыкчам тобу иштеп жатат.