Кыргызстанга бүгүндөн тарта өзгөчө кырдаал режими кирди

Кыргызстанга бүгүндөн тарта өзгөчө кырдаал режими кирди.

Республикалык штабдан билдиришкендей, анын мөөнөтү

22-апрелге чейин белгиленди. Бул аралыкта эл көп чогула турган

соода борборлор, базарлар, коомдук жайлар жана массалык

иш-чараларга чектөө киргизилет. Ал эми азык-түлүк саткан жайлар жана

дарыканалар кадимки режимде иштей берет. Өлкөдөгү башкы трассалар жабылбайт,

бирок бир шаардан экинчисине кирүүдө жарандардын абалы, саламаттыгы

текшерилип турат жана каттамдар кыскартылат. Өзгөчө кырдаал учурунда

эпидемиялогиялык иш-чаралар аткарылат. Абалга жараша жарандар

зарыл болбосо көчөгө чыкпай, карантин режимин сактоосу кажет.