Бюджеттин кирешеси 2025-жылы былтыркыга караганда эки эсе көп болот

Каржы министрлиги бюджеттин кирешеси 2025-жылга чейин жыл сайын акырындык менен көбөйөрүн болжолдоодо.

Мекеменин сайтына жарыяланган маалыматыка караганда, эгер 2021-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 187 миллиард сомду түзсө, быйыл 282 миллиард сом болоору күтүлүүдө.

Муну менен өсүү 50 пайызды түзөт.

Быйыл жана кийинки жылдардагы кирешенин негизги булагы салыктык түшүүлөр болот.

Алсак, 2023-жылы салыктык түшүүлөр бюджеттин бардык кирешелеринин дээрлик 82 пайызын түзөрү күтүлүп жатат.