Электр энергиясына тарифтер азырынча өзгөрбөйт.
Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Анын айтымында, калк үчүн 5 сом 4 тыйындык тариф да бар.
Аны үйүн электр энергиясы менен жылыткысы келген жарандар туташтыра алат.
Өчүрүүлөр алдыдагы кышта күтүлбөйт.
Чиновник белгилегендей, Кыргызстан Түркмөнстандан 300 миллион куб метр газ жана 2 миллиард киловатт-саат электр энергиясын сатып алат.
Учурда бул маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.