Боом капчыгайында таштарды атайылап түшүрүү жумуштары аяктады

Боом капчыгайында таштарды атайылап түшүрүү жумуштары аяктады.

Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 129-чакырымындагы таштарды түшүрүү иштеринде жалпы 22 темир жолчудан турган жумушчу топ иштеди.

Алардын ичинен атайын даярдыктан өткөн 6 альпинист кооптуу таштарды атайын шаймандар менен түшүрдү.

Мындай иш-чара жылына эки жолу – жаз жана күз мезгилинде аткарылат, убактысы бир айга чейин созулат.