Ысык-Көлдө пирстен секирип жабыркагандардын саны өсүүдө

 

Ысык-Көлдө пирстен секирип жабыркагандардын саны өсүүдө.

Улуттук госпиталдан билдиришкендей, бир жуманын ичинде моюн омурткалары сынган беш бейтап кайрылды.

Алар 14 жаштан 25 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар.

Дарыгерлердин айтымында, мындай жаракаттар өмүргө өтө коркунучтуу.

Мындан улам, адистер эс алуучуларды башы менен сууга секирбөөгө чакырат.