КМШ мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги саммити Кыргызстанда өтөт

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин кезектеги саммити Кыргызстанда өтөт.

Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, иш-чара 2023-жылдын 13-октябрында Бишкекте уюштурулат.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Астанадагы бүгүнкү жыйындын жүрүшүндө кабыл алынды.

Белгиленгендей, президент Садыр Жапаров Кыргызстан төрагалык кылуу учурунда КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы ишенимдүү мамилелерди чыңдоого чоң көңүл бурарын билдирди.