Криминалдык милиция кызматынын аталышы өзгөрдү

Ички иштер министрлигине караштуу Криминалдык милиция кызматы Кылмыш иликтөө кызматы болуп өзгөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Эске салсак, Криминалдык милиция кызматы президенттин “Ички иштер министрлигин реформалоо жөнүндө” жарлыгынын жана өкмөттүн ушул багыттагы токтомунун негизинде 2017-жылы өзүнчө кызмат болуп түзүлгөн.

 

Ага чейин кылмышкерлер менен күрөшкөн бөлүм катары иш алып барып келген.