Мүлктү уурулардан коргоо үчүн Ички иштер министрлиги бир нече жөнөкөй эрежелерди сунуштайт

Жайкы эс алуулар башталып, жарандар көп учурда үйүндө болбой калышы мүмкүн.

Мындай учурда мүлктү уурулардан коргоо үчүн Ички иштер министрлиги бир нече жөнөкөй эрежелерди сактоону сунуштайт.

Маселен, үйдөн чыгаар алдында бардык эшик, терезелерди бекем жаап, видео байкоо орнотуу, такыр болбой калса муляж жабдуулардын болушу каракчыны коркутат.

Эгер батир биринчи кабатта болсо, анда үй ээси терезе торлорун орнотушу керек.

Ал эми кандайдыр бир окуя болгон учурда жарандар дароо милицияга кайрылышы керек.