Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды.

Боршайкомдон билдиришкендей, шайлоонун жокко чыгарылышына “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын күчүнө кириши себеп болгон.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Нарындын мэри шайланып, кызматка 31 жаштагы Арслан Сталбек уулу келген.