Бразилия курамасынын 3 футболчусу коронавируска кабылды

Бразилия курамасынын 3 футболчусу коронавируска кабылды. Швейцария алдындагы машыгууларга дарбазачы Алиссон, жарым коргоочу Лукас Пакета жана чабуулчу Антони катышкан жок.

 

Спортчулар командадан обочолонду. Учурда алар мейманкадада өзүнчө машыгып жатат. Эске салсак, 2 беттештен кийин Бразилия курамасы тайпа ичинде 3 упай менен лидерлик позицияда турат. Швейцария менен беттеш бүгүн Бишкек убактысы боюнча кечки саат 10до старт алат.