Мбаппе Франция чемпионатында сезондун мыкты оюнчусу аталды

Мбаппе Франция чемпионатында сезондун мыкты оюнчусу аталды.

“ПСЖ” футболдук клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе Франция чемпионатында 2021-22-жылкы сезондун мыкты оюнчусу аталды.

Ал жалпы 34 оюнда 25 гол киргизип, тизменин сап башына чыкты.

Ошондой эле “ПСЖ” командасына Франциянын чемпионатын жеңүүгө жардам берген.

Ал эми сезондун жыйынтыгы менен мыкты машыктыруучу Бруно Женезьо, мыкты дарбазачы Жанлуиджи Доннарумма, мыкты жаш оюнчу Вильям Салиба болду.