Европа чемпионатынын мыкты оюнчусу, Италия курамасынын дарбазачысы Джанлуиджи Доннарумма “ПСЖ” клубуна өттү. Голкипер 5 жылдык келишимге кол койду.
22 жаштагы футболчуга париждик клуб жылына 10 миллион евродон төлөп берүүгө даяр. Эске салсак, июнда Доннарумманын “Милан” клубу менен келишими аяктаган.