Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы ФИФА рейтингинде 95-орунду ээледи. Жаңыланган тизме кечээ жарыяланды. Биздин кураманын жеке эсебинде 1 миң 232 упай бар.
Азиялык футбол концедерациясы мамлекеттери арасында Кыргызстан 16-орунду ээлейт. Кошумчалап кетсек, дүйнөдөгү мыкты курамалардын сап башында – Бразилия, Бельгия жана Аргентина жайгашат.