Референдум боюнча бюллетендерди кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы чыкты

Референдум боюнча бюллетендерди кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы чыкты.

БШКдан билдиришкендей, өлкө боюнча 2 миң 474 шайлоо тилкесинен протоколдор келип,

анын үчөөндөгү добуш берүү жокко чыгарылды. Бирок себеби айтылган жок.

Жыйынтыгында башкаруу формасын аныктоо боюнча өткөн референдумда

добуш бергендердин 81,5 пайызы президенттик башкаруу формасын тандады.

Ал эми парламенттик башкаруу үчүн 10,92 пайыз жана эки вариантка тең каршы болгондор

4,47 пайызды түздү. Референдумга жалпысынан 1 миллион 401 миң жаран катышты.

Бул жалпы шайлоочулардын 39 пайызын түзөт. Эске салсак, БШК

мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялай элек..