БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев Азербайжанга элчи болуп бекиди

Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

 

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

 

Буга чейин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Осмоналиевди кызматка дайындоону жактырган.

Осмоналиев 2016-жылдан бери БШКнын мүчөсү болуп келген. Ал Кыргыз улуттук университетинин ардактуу илимий доктору, профессор, дасыккан юрист.