Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, 5-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жоюу боюнча премьер-министр Улукбек Мариповдун токтому чыккан. Мындан улам мекеменин жетекчиси Жапыкеев кызматы жок калган.
Иштен кеткенден кийин ага президент Садыр Жапаров «Финансы полициясынын генерал-майору» наамын берген.