Бишкекте  “Спутник V” вакцинасын алууга мүмкүн болгон дагы 2 түйүн ачылды

Бишкекте  “Спутник V” вакцинасын алууга мүмкүн болгон дагы 2 түйүн ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, алар Ленин жана Свердлов райондорунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базасында жайгашат.

 

Бүгүнкү күнгө карата жалпысынан Бишкекте 5 эмдөө түйүнү иштеп жатат. Мэриядан эске салышкандай, россиялык вакцина 60 жаштан жогорку жана өнөкөт оорусу бар жарандарга гана жеткиликтүү.