Бишкек троллейбустук башкармалыгын Талантбек Капаров жетектеди

Бишкек троллейбустук башкармалыгын Талантбек Капаров жетектеди. Тиешелүү жарлыкка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду. Буга чейин Капаров Ош шаардык муниципалдык транспорт башкармалыгынын директору болуп эмгектенген.

 

Эске салсак, ведомствонун мурдагы жетекчиси Артур Өмүрзаков өз каалоосу менен иштен кетти.