Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Муниципалитет маалыматына ылайык, өз арызынын негизинде “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын директору Эльнура Жолдошева иштен кетти.

 

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин убактылуу аткарып жаткан Балбак Түлөбаев кол койду. Муниципалдык ишкананы директордун орун басары Айгүл Наватова убактылуу башкарат.