Жогорку Кеңешти шайлоонун жыйынтыгы добуш берүү өткөндөн 20 күн кеч эмес убакытта жарыяланат

Жогорку Кеңешти шайлоонун жыйынтыгы добуш берүү өткөндөн

20 күн кеч эмес убакытта жарыяланат. Мөөнөт 18-декабрга туура келет.

Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Мыйзамга ылайык, жыйынтыктар кол менен

саноо аяктагандан кийин белгилүү болот. Учурда шайлоо тилкелериндеги

добуштарды эсептөө аяктады. Маалымат системага киргизилүүдө. Бүгүн саат

10го карата бирдиктүү округ боюнча жыйынтыктын 62 пайызы системага киргизилди.