Европада кыргыз авиакомпанияларын «кара тизмеден» чыгаруу маселеси талкууланды

Европада кыргыз авиакомпанияларын «кара тизмеден» чыгаруу маселеси талкууланды. Өкмөттөн билдиришкендей, Министрлер кабинетинин төрага орун Бакыт Төрөбаев Брюсселде Еврокомиссиянын вице-президенти Жозеп Боррель менен жолукту.

 

Анда кыргызстандыктар үчүн виза берүү шарттарын жеңилдетүү да сунушталды.

 

Ошондой эле металлдарды иштетүүдө кызматташуу, Кыргызстандын тышкы карызын жашыл долбоорлорго алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча сунуштар айтылган.