Будапешт-Бишкек түз аба каттамы ачылат

Будапешт-Бишкек түз аба каттамы ачылат. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Вегриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушту.

 

Ага ылайык, тараптар жакын арада Будапешт-Бишкек-Будапешт багыты боюнча түз аба каттамын ачууну макулдашты. Каттам тууралуу кененирээк маалымат жакында берилет, — дешти Тышкы иштер министрлигинен.