Ош жана Жалал-Абаддан Ысык-Көлгө түз аба каттамдар ачылат. Бул тууралуу “Мана” эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти. 18-июндан тартып авиакомпания Ош — Ысык-Көл — Ош жана Жалал-Абад — Ысык-Көл — Жалал-Абад туруктуу эки каттамды ачат.
Оштон каттамдар жумасына үч ирет — шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт.
Ал эми Жалал-Абаддан аба кемеси жумасына эки ирет, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү учат.