Быйыл Аксы районунда эки кичи ГЭС пайдаланууга берилет.
Бул тууралуу Novosti.kgге аталган райондун акими Замирбек Сыдыков билдирди.
Маалыматка ылайык, Кашка-Суу дарыясына курулуп жаткан гидроэлектрстанция 90 пайызга аяктап калды.
Ал эми Авлетим дарыясындагы чакан ГЭСти учурда баштапкы бетондоо жумуштары жүрүп жатат.
Объекттерди ушул күздө колдонууга берүү пландалууда.